Коом
Бишкекте майыптыгы бар балдарга иппотерапия уюштурулду
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ынтымак 2» жана «Ата-Түрк» сейил бактарында майыптыгы бар балдар үчүн иппотерапия уюштурду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, балдар үчүн аянтчада кызыктуу оюндар, ысык тамак-аш даярдалып, сейил бакка саякат уюштурулду. Саякаттоо үчүн балдарды 3 пони жана 3 ат тосуп алды. Оюн-зооктон тышкары балдарга таттуу белектер да тартууланды.
Иппотерапия бул – атка минүү жана ат менен байланышуу аркылуу ар кандай ооруларды дарылоо.