Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 669 жаңы техника сатып алат.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдаланыла турган жаңы техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынмакчы.
2015-2023-жылдар аралыгындагы алынган техникалардын көрсөткүчтөрү:
– 2015-жылы Япония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген;
– 2016 жана 2017-жылдары жетиштүү деңгээлде техника сатып алынган эмес;
– 2018-жылы япониялык компания JICA тарабынан гранттык негизде Isuzu базасында алты автоустакана бөлүнүп берилген;
– 2019-жылы 46 техника насыяга алынган;
– 2020-жылы техника алынган эмес;
– 2021-жылы аз санда гана техника алынган;
– 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпы 2 млн 353 миң доллар бөлүнгөн;
– 2023-жылы мамлекет 669 жол куруу техникасын сатып алат.