Коом

Кыргызстандагы суу чарба объектилерин оӊдоого 1 млн сом бөлүнөт

2023-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1 млрд сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бул каражатка каналдардын оӊдоо, 696.8 км бетондоо жана механикалык тазалоо, 747 гидротехникалык курулмалардын, 309 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциянын, анын ичинде 199 насостук агрегаты оӊдоо, 59 насостук агрегатын жаӊылоо жана 1242 метр басым түтүктөрдү алмаштыруу, 13 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 284.5 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button