Коом

Кыргызстан менен Түркия аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин алдындагы Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушту. Бул тууралуу дипломат социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Казакбаев маалымдагандай, аталган агенттик Түркиянын бардык коргонуу өнөр жайын башкарат.

«Исмаил Демир менен мамлекеттерибиздин ортосундагы аскердик-техникалык чөйрөдө, анын ичинде терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү сыяктуу заманбап чакырыктар менен коркунучтардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кеңири талкууладык», — деди элчи Руслан Казакбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button