Садыр Жапаров КР менен Пакистандын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу ишин тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Авиакаттамдын маселеси Жапаров Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде көтөрүлгөн.

Хасан Али Зайгамдын айтымында, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана туризм тармагындагы кызматташтык чоң потенциалга ээ.

Ал Лахор жана Исламабаддан Бишкекке түз авиакаттамдарды ачуу боюнча ишти улантууну сунуштады, бул эки тарапка тең туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет жана бизнес чөйрөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.