Коом
1-апрелге карата аба ырайы
Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүдө +14…+19, Таласта +11…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +13…+18 жана Нарында +11…+16 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +16…+18 жана Ош шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.