Коом

НАСА Айды айланып уча турган астронавттарды көрсөттү

 Американын космостук NASA агенттиги Айга уча турган төрт кишиден турган экипажды тааныштырды. Бул тууралуу маалымат NASAнын сайтына жарыяланды.

НАСАда жана Канаданын Космос агенттигинде узакка созулган тандоодон кийин 2024-жылдын ноябрында ишке ашырыла турган Айды айланып учуучу Artemis 2 миссиясынын экипажы көрсөтүлдү.

Экипаждын курамына төрт астронавт кирди, алардын үчөө буга чейин космостук учууларга катышып, МКСда экипаждардын курамында иштешкен.

Алар командир Рид Уайзман (космосто 165 күн жана ачык космосто 13 саат иштеген), пилот Виктор Гловер (айга учкан биринчи афроамерикалык болушу керек, SpaceX Crew-1 экспедициясынын курамында МКСда иштеген) , миссия боюнча адис Кристина Кох (айга учкан биринчи аял) жана миссия боюнча адис Жереми Хансен (космоско биринчи учууну пландаштырган канадалык аскер учкучу).

Экипаж  Space Launch System ракеталык аппаратында Айга 10 күндүк учуу жасап, төрт күндүн ичинде Айды айланып өтүшү керек. Экипаж Жердин спутнигинин бетине 6400 мильге жакындайт.

Бул экспедиция 60 жылдан кийин биринчи жолу Айга конуу үчүн 2025-жылы учурула турган Артемида 3 үчүн жол ачат. Программанын акыркы максаты — адамдын Айдын бетинде узак мөөнөткө болушу үчүн база түзүү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button