Коом

Баткенде 242 жакыр үй-бүлө социалдык келишим түзүп, үч жылга жөлөк пулдан ажырайт

Баткен облусунда кирешеси жетишсиз 242 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, убактылуу комиссия жакыр үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун карап чыгып, тандоо жүргүзгөн. Анын курамына жергиликтүү администрациянын социалдык маселелер боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Баткен эмгек башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Жыйынтыгында комиссия 242 жакыр үй-бүлөнүн долбоорлорун жактырган.

Эске сала кетсек, социалдык келишимде 100 миң сом каражат каралган. Өз бизнесин ачуу үчүн каражат алуу үчүн үй-бүлөлөр үч жыл бою «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунан баш тартышы керек. Ошондой эле долбоордун катышуучулары салыктан бошотулган эмес, бардык ишкерлер сыяктуу эле ЖИ катары катталып, патент сатып алышы керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button