Коом

Кыргызстанга германиялык ишкерлер тобу келет

Жакынкы арада Кыргызстанга Германиядан бизнес-делегациянын келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан (СӨП) билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР СӨПтүн президенти Темир Сариев баштаган делегация өкүлдөрү Германияда иш сапары менен жүрүшөт. Анын алкагында Сариев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча аймактык директору Эдуард Киндсбрунер менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле кыргыз-герман форумун өткөрүү тууралуу сөз кылышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button