Коом

Казакстанда бензиндин баасын 11% дизель майын 20% көтөрүү буйругу күчүнө кирди

Казакстанда 12-апрелден тарта энергетика министринин “Бааны мамлекеттик жөнгө салуу белгиленген мунай продуктуларын чекене сатууга чектик бааларды белгилөө жөнүндө” буйругу күчүнө кирди. Коңшу өлкөдө бензиндин баасы 11%, ал эми дизель майы 20% жогорулайт, деп жазат «Власть.kz»

Энергетика министрлиги белгилегендей, АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин  баасы литрине 205 теңгеге чейин (0,45 доллар), ал эми дизель майы 295 теңгеге (0,65 доллар) чейин болот.

«Күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө жаңы чекене бааларды белгилөө аргасыз чара болуп саналат жана анын өздүк наркынын кошуна өлкөлөр менен диспропорциясын төмөндөтүү зарылчылыгы менен байланышкан. Бул өлкөдөн мунай продуктуларынын агылып чыгуусун азайтып, ички рыноктун өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандырат», — деп баса белгиледи Энергетика министрлиги.

Министрлик ошондой эле өлкөдө күйүүчү майдын баасы 2021-жылдын күзүнөн бери өзгөрбөгөнүн эске салды. Ошол эле учурда жазгы талаа иштери бүтмөйүнчө дыйкандар үчүн дизель майынын баасы өзгөрбөй турганын, дизелдик отунга мурда белгиленген дифференцияланган баалар өзгөрүүсүз бойдон калаарын убадалашты.

«Казакстандын жарандары айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөндө литрин 295 теңгеден күнүнө 100 литр сатып ала алышат. Жүк ташуучу унаалар, атайын, адистештирилген унаалар жана автобустар үчүн, ошондой эле Казакстан Республикасында транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн көрсөткөндө, суткасына бекитилген чек ошол эле баада 300 литрди түзөт. Калган категориядагы адамдар үчүн, ошондой эле белгиленген лимиттен ашык дизель майын сатып алгандар үчүн литрине 450 теңге (1 доллар) болот», — деп кошумчалады министрликтин басма сөз кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button