Коом

Быйыл өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга 100 млн сом каралууда

2023-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга 100 млн сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Кошумча каралган каражаттар:

— КР министрлер кабинетинин Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган участокторун сууга чөмүлдүрүүчү текшерүү жана суу алдында тазалоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүгө болжол менен 21,0 млн сом каралган. Каражат иш жүзүндөгү эсептөөлөрдүн негизинде жана Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде бөлүнөт;

— КР министрлер кабинетинин Түркияга гуманитардык жардамды жеткирүү, ошондой эле ӨКМдин кыйроодон куткаруучу курама командасын чыңдоого жана башка зарыл жумуштарына 36,7 млн сом каралган. Каражат иш жүзүндөгү эсептөөлөрдүн негизинде жана Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде бөлүнөт;

— 50-издөө-куткаруу отрядын (тепловизор, радар, акустикалык прибор, прожектор, жылыткыч, жарык мунарасы жана башка) кийим-кече менен жабдууга 35,2 млн сом каралып, КР министрлер кабинетинин буйругунун долбоору келип түшкөн. Долбоор жактырылган.

Кар көчкү жүргөн аймактарда изилдөө иштерин жүргүзүү жана кесепеттерин жоюуга 6,7 млн ​​сом өлчөмүндө каражат эсеби ачылган.

Ошондой эле жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүүгө жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоого ӨКМдин «Имараттар жана курулмалар» боюнча чыгымдар сметасында 198,5 млн сом суммасында каражат каралган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button