Саясат

Нурлан Шакиев Валентина Матвиенко менен жолукту. Талкууланган маселелер

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин Федералдык жыйындын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон.

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, бул жолугушуу өнөктөштүктү мындан ары да өрчүтөрүнө ишеним артарын кошумчалаган.

Ал парламент аралык байланыштарга токтолгон.

«Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерге байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан бул жааттагы алакаларды кеңейтишибиз керек», — деген Шакиев.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблеясынын (ПАА) күзгү отуруму Кыргызстанда өтөрүн эске салып, бул багытта олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын белгилеген.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, төрага Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча учкай кеп кылган.

Өз кезегинде Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолгон. Айрыкча КМШ ПААсынын жана Парламенттер аралык комиссиянын деңгээлиндеги өнөктөштүктү активдештирип, тармактык комитеттердин ортосундагы алакаларды да арттыруу керектигин билдирген. Матвиенко Жогорку Кеңеш тарабынан ар дайым маанилүү демилгелер сунушталып келгенин айтып, буга көп жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан «Шериктештик балдары» долбоорун мисал кылган.

Мындан сырткары, кыргызстандык эмгек мигранттарына тиешелүү маселелерди көтөргөн Федерация кеңешинин төрайымы алар эки мамлекеттин экономикасына тең чоң салым кошуп жатканын белгилеген.

Баарлашууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы пикирлер да айтылды. Жакында Улуу Ата мекендик согуш учурундагы Ржев ири салгылашына катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган эстелик ачылары белгилүү болду.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин делегациясына Федералдык жыйындын Федерация кеңешинин ишмердүүлүгү тааныштырылып, отурумдар өтчү залдар көрсөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button