Коом

Сот «Азаттыкка» байланыштуу министрликтин арызын канааттандырды

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызы каралды.

Отурумда медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышты. Андан соң судья бул ишке байланыштуу чечим чыгаруу үчүн кеңешип келгенден кийин министрликтин арызын канааттандырды.

Тагыраагы, «Азаттыктын» редакциясынын ишин токтотуу чечими чыкты. Ишти судья Чолпон Каримбаева карады.

«Азыттыктын» жактоочулары бул чечимге макул эместигин жана аппеляциялык даттанууга беришерин билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button