Коом

Ат-Башыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ат-Башы райондук администрация жетекчисинин буйругу менен аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ кабарлады.

Эскерте кетсек, 2-майда күн сууктап, тоолуу райондорго кар жааган. Мындан улам Арпа өрөөнүндөгү кыштоодо беш үй-бүлө мал-жаны (867 уй, 1 400 кой) менен калган. Малчылар тамак-ашы жетиштүү экенин айтып, тоют жагынан жардам сурап кайрылышканы айтылды.

«Учурда жол ачык. Кар алдында эки уй, үч музоо, 15 кой тоңуп өлгөн. Жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте 680 түк чөп жеткирди», — деп айтылат маалыматта.

Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу аракеттери уланып жатат.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button