Саясат

Бир нече аймакта судьялар көбөйтүлдү. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «КРдин жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен судьялардын штаттык саны Бишкекте сегизден үч орунга чейин, Чүйдө бештен экиге, Ошто үчтөн экиге, Жалал-Абадда үчтөн экиге чейин кыскартылган.

Бирок аталган аймактардагы судьялардын штаттык саны жалпы юрисдикциядагы соттордогу судьялардын штаттык санын кыскартуу менен көбөйтүлгөн:

1.Бишкек шаарынын административдик соту 3 штаттык бирдиктен 5 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, анын карамагына Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунан 2 штаттык бирдик берилген;

2.Чүй облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 4 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук сотторунан 1 штаттык бирдиктен берилген;

3.Ош облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Кара-Суу райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген;

4.Жалал-Абад облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Базар-Коргон райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button