Чүй районунун Ак-Суу айылындагы “Алтын тулпар унаа курулуш” унаа жана коммерциялык унааларды жыйнап чыгаруучу заводдун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанда завод куруу боюнча макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылдын январь айында болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.

Салтанатка облуста иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Бул биздин өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулардын негизинде жасалып жаткан иш», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 унааны түзөт, 1000ден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.