Коом
Видео. Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган
Бишкекте бүгүн, 15-майда 19 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга аял кишиден маалымат түшкөн. Анда анын 19 жаштагы кызы көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.
Ыкчам кызматкерлер берилген сүрөттүн негизинде кыздын дарегин таап, жерине барышкан. Милиционерлер кызды куткарып калышкан.
Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
https://www.youtube.com/watch?v=trt07-9UvDg