Коом

Жогорку Кеңештин фракциялары акыйкатчылыкка үч талапкер сунуштады

Акыйкатчы кызмат ордуна Жогорку Кеңеш тарабынан үч талапкер сунушталды.
«Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» фракциялары жана «Мекенчил» тобу Жамиля Жаманбаеваны көрсөттү. «Ыйман нуру» болсо Кулира Кубатованын сунуштады. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы менен бир мандаттуу округдан шайланган Сеид Атамбаев Бакыт Рысбековду көрсөттү. Ал учурда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жетектейт.
Мурдараак «Альянс», «Ынтымак» фракциялары жана «Элдик» депутаттар тобу экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин сунуштаган, бирок кайра артка чакыртып алышты.
Натыйжада үч адамдын талапкерлиги каралары күтүлүүдө. Шайлоо бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилди.
Белгилей кетсек, 3-майда парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Анын отставкасын демилгелеген «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Абдрахматова ишин так жөндөп кете албаганын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button