Коом
ИИМ: Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады
Чүйдүн Ысык-Ата-районунун Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда аталган айылдан курчоо алынды. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, бир террорист жок кылынгандыгы маалымдаган.
Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилген.