Коом

Баткенде аялдардын ден соолугун сактоого багытталган форум өттү

“Аялдар жана жаштар тамекиге каршы” Тамеки эмес, азык түлүк өстүрүңүз! деген ураан астында форум болуп өттү.
Форумга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын ЖКнин экс депутаты Айнуру Алтыбаева, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Улуттук кызматкери Алина Алтымышева жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, облус аймагынан чакырылган айымдар катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө, “бүгүнкү өтүп жаткан форум өзгөчө маанилүү иш чара. Кандай гана иш болбосун, анын пайда зыянын таразалап көрүүбүз абзел.
Материалдык кирешени көздөп, эң баалуу болгон ден соолугубуздан айрылып калбашыбыз керек. Өзгөчө кыз- келиндердин оор, кооптуу жумушка тартылышы келечек үчүн да кооптуу болоору талашсыз.Анткени эненин саламаттыгы-улуттун саламаттыгы -деп белгиледи.
Иш чарада эне- баланын, жаштардын, жалпы жарандардын саламаттыгын сактоодо зыяндуу заттардан коргоо боюнча пайдалуу маалыматтар айтылды.
Адистердин айтымында адамдардын өлүмүнүн 80%на онкологиялык оорулар, жүрөк кан тамыр оорулары, диабет жана өнөкөт дем алуу органдарынын оорулары себеп болот.
Ал эми бул оорулардын пайда болуусунда тамеки тартуу, спирт ичимдигин ичүү,пайдасыз тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жоктугунун таасири аныкталган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button