Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын үчокууда кабыл алды.

Парламенттин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканын билдирди.

Аталган мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Тагыраагы, кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.

Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар милдеттүү түрдө (минимум) берүүлөрүнүн 70 пайызын мамлекеттик тилде обого чыгарат. Ошондой эле өлкө аймагында иштеген веб-сайттардын кыргыз тилиндеги версияда берилген маалыматтын көлөмү жана мазмуну башка тилдегисинен кем болбошу керек.