Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.

«Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:

— мобилдик тел.: 0705 076696

— стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40