Коом

“БА мамлекеттеринин Европа Биримдиги менен өтүп жаткан саммити өзүнчө бир жакшылык”

Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев “Биринчи Радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн  мамлекеттик кызыкчылыгын ушундай ар түрдүү саммиттерде жыйындарда өзүнүн позициясын билдирип, өзүнүн кадыр баркын дүйнө мамлекеттеринин арасында көтөрүү керек.

“Мен бир несени айта кетким келет Кыргызстан эгемен болгондон кийин ар тараптан өнүгүү жолдору жөнүндө  терең ойлонуш керек. Баардык системага түшүшү керек. Көп вектордуу саясатты жүргүзүүсү керек. Булардын баардыгы  түбү келип Кыргызстандын мамлекет катары эркиндигинин толук кандуу абалга жетиши ар тараптан жетишүүсү. Мисалы саясий тараптан экономика, маданий тараптан, гуманитардык байланыштар тараптан Кыргызстан өзүнүн  мамлекеттик кызыкчылыгын ушундай ар түрдүү саммиттерде жыйындарда өзүнүн позициясын билдирип, өзүнүн кадыр баркын дүйнө мамлекеттеринин арасында көтөрүү керек. Азыркы президент Нургожоевич Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзү өтө маанилүү. Кыргызстан үчүн дагы БА мамлеккеттери үчүн дагы бизге тууган, кошуна дайыма тарапташ жашаган мамлекеттер үчүн дагы өзгөчө мааниге ээ. Себеби, Европа мамлекттери азыр дүйнөдөгү чыгыш менен батыштагы  өнүгүүнүн ар түрдүү жаңылыктарын кандайдыр бир аккумуляция жасап бир тарабынан Америка континенти экинчи тарабынан Евроазия континентин байланыштыра турган түйүн катары каралат.  Себеби глобалдык проблемаларда Кыргызстан өзүнүн позициясын дайым так аныктап турушу керек. Бизге окшогон мамлекттер ушундай саммиттерди өткөрүп турганы аябай чоң мааниге ээ. Президент айтып жаткан жашыл экономика Кыргызстандай абасы таза, суусу таза тоолор, жерибиз климатыбыз бүт шарттардын баардыгы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жер алдындагы, жер үстүндөгү байлыгы Кыргызстан эли эң биринчи иретте дүйнөдөгү ордун аныктап мындай саммиттерди өткөрүп турушу керек.

Азыр Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолунун курулушу өзүнчө экономикалык доор болот деп ойлойм. Борбордук Азия дагы 4 мамлекет кандаш эл. Бул мамлекеттер менен дайыма байланышта кызматташуу жолдору менен ар кандай  маселени чечүүгө жетишүү керек. Мисалы чек арадагы чырлар болбошу керек. Товарлардын ары-бери мамлекеттер арасында өтүшү үчүн бажыдагы проблемалар болбошу керек. Ар түрдүү уюмдарга мүчө болуп жатабыз ошол кездерде президент мырзанын Кыргызстандын позициясын ачык айтып жатканы мага жакты. Анткени биз качанкыга чейин бирөөлөрдүн көзүн карап эмне дейт деп жүрбөшүбүз керек. Биз ошолор менен тең ата суверендүү мамлекет  катары өз кызыкчылыгыбызды ар кандай саммиттерде ар кандай диологдор учурунда ачык айтышыбыз  керек. Бул жолу да ушундай болуп жатат.

Кыргызстан биз илгертен бери ушул БА өлкөлөрү менен канатташ жашап келе жатабыз. Биздин  дин, маданий ж.б көп түшүнүктөр жашоо турмуш өзгөчөлүктөр окшош. Ошондуктан БА мамлекттеринин Европа биримдиги менен өтүп жаткан саммитти өзүнчө бир жакшылык жышаан да.  Мен каалайт элем БА региондору Евросоюздай бир биримдик жасап алса, чек аралар жоюлса, товарлар, жарандар кенен өтүп жатканын”, — дейт Конкобаев .

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button