ЖаратмандарКоом

Видео. Кыргыз медицинасындагы эмгеги эбегейсиз нейрохирург Кочкор Мендибаев

Кыргызстандагы мыкты нейрохирург, мээге уникалдуу операцияларды жасаган мыкты дарыгер,  медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты – Мендибаев Кочкор Төлөнович бүткүл өмүрүн дал ушул медицина тармагына арнап койгонун анын жасаган иштеринен, нечендеген куткарылган өмүрлөрдөн, жашоо берилген жарык күндөрдөн улам билебиз…

Мындан 5-6 жыл мурда бейтаптарды өз көзөмөлүнө алып, туура жыйынтык чыгаруу үчүн  атайын медициналык борбор ачкан. Ал жерде бардык неврологиялык ооруларды, геморрагиялык жана ишемиялык инсультту дарылап келет, ошондой эле нейрохирургиялык операциялардын бардык түрлөрүн жасайт. Баш мээнин жана жүлүндүн шишиктерин микрохирургиялык жол менен алып салуу, мээ аневризмаларын кесүү, грыжа аралык дисктерди микрохирургиялык жол менен алуу, мээ аневризмаларын жана АВМлерди эндоваскулярдык стенттөө жана эмболизациялоо дагы дал ушул “Мендибаев К.” клиникасында жасалат.

Кыргызстанда жалгыз гибриддик нейрохирургиялык операциялык кабинет дагы дал ушул медициналык борбордо иштейт. Гибриддик операциялык бөлмөдө кан агуучу аневризманы эндоваскулярдык эксклюзивдүү түрдө жасап, мээ ичиндеги гематоманы дароо кетирүүгө шарт түзүлгөн. Ал кабинет Япониянын техникалары менен жабдылып, учурда көптөгөн бейтаптардын өмүрүн куткарууга мыкты жардамчы болууда. Кымбат техника болгону менен карапайым калк үчүн баалары абдан ыңгайлуу жана жеткиликтүү.

Медициналык борбордо  30га чукул кызматкер эмгектенип, 60ка жакын бейтап  үчүн орундуктар бар.

Эң кызыгы жана маанилүүсү – бейтаптардын баары Кочкор Төлөновичке түз байланышып,  сүйлөшүп жаткан учурда эле адамдын кайсы жери ооруп жатканын айтып, убара кылбаш үчүн ошол жерден эле багыт көрсөтүп, кайсы жерге барышы керектигин айтып берет.

Өз ишинин дасыккан адиси Кочкор Төлөновичти издеп, анын колунан жакшы болуп кетем деген ишенич менен келген бейтаптар бир гана Кыргызстандан эмес, тээ алыскы Индия, Туркия, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан дагы келишет.

Акыркы жылдары оорулардын жаңы түрлөрү көбөйүп жатат, аны аныктоо дагы өзүнчө чоң билимди жана тажрыйбаны талап кылат. Мына ошол ооруларга жеткирбөө үчүн Кочкор Төлөнович ар дайым ден соолукка кам көрүп, туура тамактануу, нерв клеткаларын сактоо эң биринчи милдетибиз экенин эскертип келет. Инсульт болуп баргандар үчүн, андан кийинки 6 саат аябай маанилүү экенин баса белгилейт, себеби, ошол 6 саат ичинде адамга эч кандай чара көрүлбөсө гематома пайда болуп, кийин дарылоо кыйын болуп калаарын айтат.

Эч кандай наамга ашынбаган, элим деп жүргөн чыныгы патриот Кочкор Төлөнович быйыл 67 жашта, 5 баланын сүйүктүү жана мээримдүү атасы.

“Мендибаев К.” клиникасына байланышуу үчүн төмөндөгү номурларды териңиз +996772176163; +996555176163; +996505103000; +996500284428.

https://go.2gis.com/31mj6

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button