Журналисттин катышуусундагы жол кырсыкта окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында С.С. атуу жаран мотоскутер менен Садырбаев көчөсү менен бара жаткан учурда капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында мотоскутердин айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча ЖККББ Бишкек шаардык кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары «Toyota Camry» үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берүүдө.