Кылмыш-кырсык

Баткенде Тажикстандан 1,2 млн сомдук электр зымдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Баткенде Тажикстандан 1,2 млн сомдук электр зымдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 20-ноябрда Баткен — Раззаков унаа жолунда чек арачылар тарабынан 31 жаштагы А. уулу С. аттуу кыргыз жараны кармалган, анын унаасынан аткезчилик жүк табылган. 75 түрмөк электр чубалгалары унаада көмүрдүн алдына катылган. Электр зымдары Тажикстанда өндүрүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аткезчилик жүктүн баасы болжол менен 1 млн 200 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, мындан аркы териштирүү иштери үчүн кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button