Кылмыш-кырсык

УКМК: Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды. Видео

Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат.

Негизги мыкаачылар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүү менен, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу (смотрящий) деп аташып, алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган.

Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button