Кылмыш-кырсык

УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. алдамчылык аракеттерди жасоо фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмүндө (“Алдамчылык”) каралган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык аракеттерге барганы үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды.
2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.
Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button