Кылмыш-кырсык

Кадамжай районунда жүргүзүлгөн “Ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө бир кылмыштын бети ачылды

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 40 жаштагы (аял киши) тургуну Айдаркен шаарында иштетип жаткан ашканасынан базар баасы 20миң сомдук кол телефону менен бир даана эт майдалагычын түн ичинде белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталат.
Кадамжай районунун аймагында жүргүзүлгөн “Ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлумчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Айдаркен шаарынын 50 жаштагы Р.М. аттуу тургуну аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилет.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button