АдабиятКоомМаданият

Белгилүү акын, жазуучу Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык маарекеси белгиленди

Бишкекте КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү калемгер Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык маарекесине арналган иш-чара өттү.

Парламенттен билдиришкендей, салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият өкүлдөрү, калемгерлер, журналисттер жана окурмандар катышты.

Маареке ээсин куттуктап, сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы: “Нурланбек Калыбеков мектепте окуп жүргөндө эле поэзия дүйнөсүнө аралашып, мыкты эмгектерди жараткан. Жазган ырлары адабий гезит-журналдарга басылып чыгып, телеберүүлөрдө көрсөтүлүп турган. Мына ошол жаш калемгер азыр атактуу акынга айланып, кыргыз поэзиясынын залкары катары таанылды. Ошондой эле котормочулук жаатында да жигердүү иш алып барып, чет тилдеги калемгерлердин эмгектерин кыргыз тилине которууга жетишти”, – деди.

 

Муну менен катар алп калемгерлердин ордосуна айланган Улуттук жазуучулар союзу заманбап шартта өнүгүшү керектигин да белгилей кеткен Нурланбек Шакиев: “Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков өңдүү залкарлардын учугу уланып, жазуучулар бирикмеси мыкты калемгерлер менен толукталып турушу керек. Ал эми мамлекет тарабынан чыгармачыл инсандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, кийинки жылы Улуттук жазуучулар союзу баштаган бир катар чыгармачылык бирикмелердин ишин жакшыртууга багытталган жардамдар берилет”, – деди.

Сөзүнүн аягында төрага Нурланбек Шакиев коомдук иштерге да жигердүү аралашып, Улуттук жазуучулар союзун жетектеп келе жаткан маареке ээсине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Нурланбек Калыбеков көптөгөн ыр китептеринин автору жана орус, казак жазуучуларынын эмгектерин кыргызчалаган котормочу катары белгилүү. Мындан сырткары, Кыргыз жаштар поэзиясынын жана прозасынын антологияларын түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button