Кылмыш-кырсык

УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү 1972-жылдын 10-майында туулган Б.Ш.С. кармалды, 2023-жылдын 29-ноябрында ага кылмышка кошо катышуу деп айып тагылып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык 2024-жылдын 4-январына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган Б.Ш.С. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, ал кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билип туруп, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен макулдашып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо аракеттерин жасап жүргөнү аныкталды. Тактап айтканда, Б.Ш.С. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып туруу менен алектенген. Андан соң, криптовалюта менен алектенген адамдар менен болгон байланыштары аркылуу, алынган каражаттарды чет өлкөдөн накталай акчага айлантып, “комиссиялык пайыздары” менен алып турган. Муну менен Б.Ш.С. узак убакыт бою уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн капиталын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып турган.

Алынган маалыматтарга ылайык, Б.Ш.С. Бишкек шаарынын аймагында бир катар кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылат, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган. Тактап айтканда, “Saloni” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., аянты 403,2 чарчы метр), “Elegance” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., аянты 403,2 кв.м,), “Imperator” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаева көч., аянты 403 кв.м.) ээси. Мындан тышкары, ал төмөнкү даректерде жайгашкан жер участокторуна ээ: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 68, 70, 72, жалпы аянты 1222 кв.м, учурда кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн курулушу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Б.Ш.С. бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттаткан. Тактап айтканда, апасынын наамына Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү аянты 300 кв.м. болгон элиталык батир (пентхаус), Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 406 кв.м. болгон элиталык жер үй катталган. Ошондой эле, уулунун наамына Бишкек шаарынын Ош кесилиши дарегинде жайгашкан, 402,0 кв.м. кымбат баалуу элиталык үй жана Рысмендеев көчөсүндөгү аянты 930,0 кв.м. болгон үй катталган.

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыштуу жол менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button