Кылмыш-кырсык

УКМК: Массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн фейк аккаунттун ээси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу Б.Д.М. купуялык сырларын колдонуп келген, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон.

Б.Д.М. жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button