Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн АКШ доллары (112 500 000 сауд риалы) өлчөмүндө бере турган Кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Финансылык каражаттар “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоорун каржылоого багытталат.