Кылмыш-кырсык

УКМК: “Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

2023-жылдын 18-декабрында С.А.Б. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борборун мамлекеттин балансына өткөрүп, республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарды.

Мындан тышкары, КР УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button