КоомСпорт

Кыргыз балбандары Россияда өткөн эл аралык турнирде 7 медаль утту

Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Россиянын Нижний Тагил шаарында өткөн.

Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:

  • 63 кг салмакта Сабит Шамшединов — алтын;
  • 130 кг салмакта Рустам Садыков — алтын;
  • 55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров — күмүш;
  • 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов — күмүш;
  • 67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык — коло;
  • 67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев — коло;
  • 72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов — коло.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button