КоомСпорт

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунду ээлешти

Кыргызстандык спорчулар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу уюмдун соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Рейтинг дүйнө чечмпионатындагы, континенталдык чемпионаттагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле United World Wrestling (UWW) рейтингдик төрт турнирдеги жыйынтыктардын негизинде түзүлгөн.

Айсулуу Тыныбекова эң жогорку тепкичке 62 килограмм салмак категориясына чейинкилер арасында чыкты. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинкилер ичинде мыкты аталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button