Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалык драма театры «Жаша, Мыскал!» спектакли менен Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, спектакль 22-январь күнү саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлат.

«Спектаклди Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров жана анын шакирттери Жамал Райкан кызы, Аделя Айтымбетова сахналаштырган. Пьеса Мыскал Өмүрканованын мааракесине карата иштелип чыккан. 2025-жылы таланттын 110 жылдыгы белгиленет», — деп айтылат маалыматта.

Мыскал Өмүрканова Жумгал өрөөнүнөн чыккан кайталангыс талант, КР эл артисти, Ленин орденинин, Эмгек Кызыл Туу орденинин 2 жолку ээси, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон.