Швейцариянын Женева шаарында Манас эпосуна жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата жарык көргөн “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинин бет ачарында айтылды.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, бул боюнча сүйлөшүүлөр Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Генералдык ассамблеяларынын алкагында макулдашылган.

Ага ылайык, 2024-жылы “Манас” эпосуна, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына Швейцариянын Женева шаарында чоң көргөзмө уюштурууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Ага Чыңгыз Айтматов жана Манас дүйнөсүн ачып берген китептер, дисктер, сүрөттөр жана буюм-тайымдар коюлмакчы. Андан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн географиялык көрсөткүч макамына ээ болгон товарлар, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн товарларды да көргөзмөгө коюп, дүйнө коомчулугуна жайылтуу аракеттери көрүлөт.

“Кыргызпатент улуу жазуучу, кыргыз элинин атактуу уулун Кыргызстанда эле эмес, эл аралык масштабда дагы даңазалоону уланта берет”, — деди Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева.