Кыргызстанда мал эмдөө башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жазгы эмдөө иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жеринде таратылып берилди.

Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт. Жеринде эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп жатат.

Мындан сырткары, зооноздук ылаңдарга каршы калк арасында агартуучулук иштерди жүргүзүү максатында, медициналык кызматкерлер менен биргеликте мектептерде, бала бакчаларда семинарлар, окутуулар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын 12 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 24 762,9 миң баш малга жүргүзүлдү, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 209,6 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 22 955,4 миң башка, дегельминтизация 597,9 миң баш же болбосо 2023-жылга бекитилген план боюнча иштер 100%га аткарылган.