Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +19…+24, Талас менен Баткен өрөөнүндө +18…+23, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +12…+17 градус жылуу болот.

Бул күнү Бишкекте кечке маал бир аз жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +21…+23, Ошто +22…+24 градуска көтөрүлөт.