КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Зарташ айылындагы асфальт жана таш майдалоочу заводунун ишинен кабар алды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мааламат кызматы билдирди.

Бул ишкана Баткен облусундагы асфальт чыгарган жалгыз мамлекеттик ишкана болуп саналат.Ал КР Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кыргыз автожол мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын карамагында.

Ишкана 2020-жылы ишке берилген.Күнүнө 350 тоннага чейин асфальт чыгарат.

Ишкананы сырье менен камсыздоо максатында жанына таш майдалоочу завод курулган.Бул жерде күнүнө 40тонна таш майдалап чыгарылат.

Асфальт заводу учурда облусту камсыздоого жетишпейт,мындан улам жакынкы күндөрү дагы бир асфальт заводу жана таш майдалоочу заводунун курулушу күтүлүүдө.

Анын кубаттуулугу күнүнө 1000тонна асфальт болот.

Быйылкы жылы Баткен облусунда 40км жолго асфальт төшөө пландалган.

Аталган ишканалар ишке берилсе,аймактагы жолдорду асфальт менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Белгилей кетсек,быйылкы жылы Япон грантынын эсебинен Баткен облусуна 43 жол техниканын берилүүсү да күтүлүүдө.

Асфальт заводунун ишинен кабар алган КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, алдыда облустун жол курулуштарын аткарууда керектүү материалдарга жана техникаларга болгон муктаждыгы толук чечилээрин айтты.

Ошондой эле быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен курулушу пландалган жолдорду оз убагында,сапаттуу бүтүрүүнү белгиледи. Өзгөчө Боз-Адыр-Баткен, Кызыл-Бел-Достук, Айгүл-Таш-Согмент, Самат-Замбуруч-Жаркыштак жолдорун бүтүрүү зарылчылыгын белгилеп, жетекчилерге тапшырмаларды койду.

Облус башчысы бул күнү таш майдалап шагыл чыгаруучу жеке менчик ишканалардан да кабар алды.