Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Астанага күтүлүп жаткан расмий сапарынын алкагында 17-мартта эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү болот. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктен кабарлашты.

Форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү саамалык болмокчу.

Иш-чара кыргыз-казак бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана соода жана инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук агенттик ата мекендик компанияларды, ассоциация жана уюмдарды бизнес-форумга жана көргөзмөгө катышууга чакырат. Каалоочулар 4-апрелге чейин каттоодон өтүшү керек.

Катталуу үчүн катышуучу тууралуу маалыматты 0555 92 88 89 (Whatsapp) номуруна жөнөтүү керек: фирманын аталышы, катышуучулардын толук аты-жөнү, иш чөйрөсү, байланыш номери.

Толук маалымат: 0555 92 88 89