Өнөр жай ишканасынын курулушунан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, инвесторлор менен жолукту. Мунай иштетүүчү завод Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы пайдаланууга берилсе, өлкөнүн түштүгүндөгү муктаждыкты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, жогорку кирешелүү ишкана болот.

Заводдун продукциясынын ассортименти АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана башка техникаларга пайдаланылуучу суюк майлар.

Заводго нефти Бүргөндү аймагынан, Кыргызнефтегаз ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизде ташылып келинет.

2021-жылы башталган ишкана, быйыл июнь айынын аягына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Толук кандуу ишке кирген учурда 500 адам жумуш менен камсыз болот.

Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташкан.

Ишкананын башкы директору Чыңгызбек Тешебаевдин айтымында ири ишкананын сметалык баасы, биринчи этабы 12 млн АКШ долларын, экинчи этабы 27 млн АКШ долларын түзөт.

Ал эми ишкананын өнөктөшү К-Нефть кампаниясынын мунайды казуучу ишканасынын курулуш баасы 80 млн доллар.

Облус башчысы, ишкана пайдаланууга берилсе жүздөгөн жумуш орундары түзүлөөрүн, мунай продукцияларын сырттан ташыбай, өзүбүздө өндүрүлүшү, жергиликтүү калкка арзан баадагы мунай продукцияларын алуусуна шарт түзүлөөрүн белгилеп, бул иш аракет аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшырышына зор өбөлгө болот деди.