Бишкектеги кечке жуук болгон катуу шамалдан 11 мектеп менен 8 бала бакчанын имаратына зыян келген. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Социалдык объектилердин көбүнүн чатырлары бузулган. Канча чыгым келгенин комиссия аныкташ үчүн аталган жайлардын чатырлары кандай жасалганын текшерип чыкмакчы.

Учурда окуучулар 1-апрелге чейин каникулда, ал эми бала бакчалар кадимки калыбында иштеп жатат.