КоомМаданият

Бишкекте “Ак илбирс” эко-спектаклинин бет ачары өтөт

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 7-апрелде «Ак илбирс» эко-спектаклинин бет ачары өтөт. Башталышы саат 17:00дө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектакль белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры тарабынан даярдалган.

Спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат.

Режиссёру — Гаухар Ажигулова.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бараткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт.

Максаты — калктын экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнө экологиялык саясатты жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Кызыл китепке кирген жаратылышты жана жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгун белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү болуп саналат.

Спектакль Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу менен коюлат.

Белгилей кетсек, ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Тиешелүү жарлыкка 2023-жылдын декабрында президент кол койгон.

Кыргызстанда 330 ак илбирс бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button