КоомСаясат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин иши боюнча комментарий берди

Ички иштер министрлиги тарабынан 2024-жылдын башында массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча 11 адам кармалган. Алардын үчөө мартта жана төртөө апрелдин башында үй камагына чыгарылды. Алардын кармалышына саясий себептер барбы? Улан Ниязбеков «Кабар» агенттигине ушул жана башка суроолор боюнча жооп берди.

Саламатсызбы! Эки күн мурун камактагы 11 журналист-блогердин төртөө үй камагына чыгарылды. Марттын башында кармалгандардын үчөөсү үй камагына чыгарылган болчу. Камакта төртөө калууда. Кармалган 11 жаран боюнча бир катар эл аралык уюмдар бул журналистикага басым дешип, аларды коё берүү тууралуу билдирүүлөрдү жасашкан. Бул боюнча эмне дей аласыз?

— Булардын баары эле журналисттер эмес. Он бирөөсүнүн экөөсү гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз.

— Негизиле алардын кармалышында кандайдыр бир саясий себептер барбы? Бийликке, анын ичинде сизге карата сын-пикир айтканы үчүн камалышты деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок.

Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек. Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да.

Булак: «Кабар.кж»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button