Коом

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр жылдырылды

Эми жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга абанын температурасы +28ден ашса 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10.00дөн 19.00гө чейин жүрүүгө тыюу салынды. Мындай өзгөртүүнү шаар мэри Айбек Жунушалиев айдоочулар, курулуш компанияларынын жана башка ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мэр мындай чектөөлөрдү асфальтка зыян келтирбөө менен байланыштырды.  Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Эске салсак, буга чейин чектөө 5-апрелден 1-октябрга чейин саат 07.00дөн 21.00гө чейин болгон.
Белгилеп кетсек, убактылуу чектөө төмөнкү унааларга тиешелүү эмес:

Убактылуу чектөө механизми төмөнкү  жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:

  • гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк;
  • Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүдө транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөр;
  • автомобиль жолдорун оңдоого, курууга, мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объекттерди курууга жүктөр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button