Коом

Бишкекте Кыргызстандын продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Кечээ, 16-апрелде Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында «Экспорттук жол көрсөткүч» колдонмосунун бет ачары өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара USAID`дин Борбордук Азиядагы соода программасынын колдоосунда ишке ашкан.

«Экспорттук жол көрсөткүч» колдонмосу өлкө жөнүндө жалпы маалыматты, анын экономикасына сереп салуу, анын ичинде тышкы соода ишмердигине талдоо жүргүзүү, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана өлкөнүн тышкы жана ички экономикалык шарттардын өзгөрүшүнүн кесепеттери жөнүндө маалыматты чагылдырган потенциалдуу рыноктордун болжолдуу баяндамасын камтыйт.

Презентацияда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча Кыргызстандын Экспорттук борборунун кызматкерлери ишкерлерге БАЭ, Катар, Сауд Арабия, Япония, Корея, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн экспорттук рынокторунда ийгиликтүү багыт алууга жардам берүү үчүн керектүү идеяларды жана практикалык кеңештерди беришти.

Колдонмо экспорттук рыноктордун негизги аспектилерин, анын ичинде рыноктун тенденцияларын, ченемдик-укуктук базаларды жана тармактык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, жөнгө салуу талаптарын жана маданий ойлорду багыттоо боюнча көрсөтмөлөрдү берет. Ошондой эле экспорттун атаандаштык артыкчылыктары жана күчтүү жактары да баса белгиленет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button