Коом
20-апрелде республика боюнча ишембилик өтөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги өлкөнүн бардык жашоочуларын 20-апрелде масштабдуу экологиялык акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү республика боюнча ишембилик өткөрүлүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат.
«Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү» жарлык ишке ашырылууда. Иш-чаранын башкы максаты – таштандыны бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу», — дешти министрликтен.