КоомКылмыш-кырсык

Пакистан менен Бангладештен келген өздүгүн тастыктоочу документтери жок 37 адам аныкталды

УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте өлкөдө чет өлкөлүктөрдүн мыйзамсыз жүрүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Пакистан менен Бангладештин 37 адамдан турган өздүгүн тастыктоочу документтери жок жана КРда жүрүү визасынын мөөнөтү бүткөн жарандар тобу аныкталды.


Тартип бузгандар өздүгүн аныктоо жана тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилди.
​Компетенттүү органдар тарабынан мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button